"Сейде" тасмасы Юта штатынын төрт кинотеатрында көрсөтүлөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын тасмасы буга чейин да бир катар абройлуу сынактарга катышып келген.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШда өтүп жаткан эл аралык "Сандэнс" финовестивалына тандалып алынган кыргызстандык режиссердун "Сейде" тасмасы төрт кинотеатрда көрсөтүлө турганы фестивалдын сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, фестиваль бүгүн Юта штатындагы Парк-Сити шаарында башталды. Кыргызстандык режисеер Элнура Осмоналиевага таандык тасма 23-январь күнү Redstone Cinema 1 кинотеатрында тартууланса, 24-январь күнү Prospector Square Theatre театрында эл сынына коюлат.

Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин Суфлер спектаклинде артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Суфлер" спектакли Лондондогу эл аралык фестивалга чакыруу алды
Андан кийин 25-26-январь күндөрү Broadway Centre Cinema 6 жана Yarrow Hotel Theatre кинотеатрларында көрсөтүлөт.

"Сейде" аталган эл аралык иш-чаранын сынагына катышып жаткан экинчи кыргызстандык тасма. 1999-жылы режиссер Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдеринин конкурсуна катышкан.

14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыска айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт. 

Фестиваль 31-январда соңуна чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0