Өзүм билемдик менен үй салынган жер мэриянын карамагына өткөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын имараты. Архив
Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке турак-жай куруу департаментинин кезексиз текшерүү маалында "Көк-Жар" жаңы конушунда муниципалдык жерге тийиштүү документтери жок салынган үй аныкталган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Көк-Жар" конушунда өзүм билемдик менен үй салынган жер мэриянын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Сариевге Бишкек шаарынын келечектеги макетин көрсөтүштү
Жеке турак-жай куруу департаменти "Көк-Жар" конушунда муниципалдык жерге эч кандай документтери жок мыйзамсыз салынган үйдү аныктаган.

Аталган департамент Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган, сот өз чечимин департаменттин пайдасына чыгарган.

Маалымат кызматы учурда жер мэриянын карамагына кайтарылгандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0