Диярбакырдагы жардырууда КР жарандарынын жаракат алып, албаганы такталууда

© AP, STRЖардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлери.
Жардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруучу зат менен шыкала толтурулган унаа Түркиянын Диярбакыр провинциясында жарылган. Андан полиция бөлүмү жана жанындагы бир нече турак жай жабыркаган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Түркиянын Диярбакыр провинциясында болгон жардыруудан Кыргызстандын жарандары жабыр тартып, тартпаганы такталып жатканын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда элчилик менен консулдуктар иштеп жатышат.

Жардыруучу заттарга жык толгон унаа өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Диярбакыр провинциясынданы полиция бөлүмүнүн жанынан жардырылган. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, түзүлүш полиция бөлүмүнүн имаратына кире бериш жерден иштетилген. Мындан жай тургундардын турак жайлары да жабыркаганы айтылууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, үч полиция кызматкери жана үч турган каза болгон. Андан сырткары 39 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0