Нарын менен Жалал-Абаддын тургундары кайсы тамактан ууланганы дүйшөмбү күнү билинет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүВрач жумуш учурунда. Архив
Врач жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-7-ноябрь күндөрү Кочкор жана Тогуз-Торо райондорунда тамак-аштан массалык уулануу болгону боюнча билдирүү саламаттык сактоо министрлигине келип түшкөн. Уулануудан Тогуз-Торо районунун эки тургуну каза болгон.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Нарын облусундагы Кочкор районунун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургундары кайсы тамактан ууланганы дүйшөмбү күнү белгилүү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

6-7-ноябрь күндөрү Кочкор жана Тогуз-Торо райондорунда ботулизмден массалык уулануу болгону боюнча билдирүү саламаттык сактоо министрлигине келип түшкөн. Уулануудан Тогуз-Торо районунун эки тургуну каза болгон.

Тойматовдун айтымында, учурда уулангандардын абалы жакшы, керектүү жардамдар берилүүдө.

"Кочкор районунда 16, Тогуз-Торо районунда тогуз киши ууланган. Кочкордон келген 12 бейтап учурда республикалык инфекциялык ооруканасында жатса, төртөө Кочкор аймактык ооруканасында дарыланууда. Тогуз-Торо районунун беш тургуну Нарын облустук ооруканасында", — деди ал.

Санэпид көзөмөл борборлору уулангандар үйдө эмне тамак жесе ошолорду алып текшерип жатканын, бактерияны аныктоо үчүн үч сутка кетерин, анын жыйынтыктары дүйшөмбү күнү чыгарын Тойматов кошумчалады. 

Ал ошондой эле Тогуз-Тородо керектүү вакциналар уулангандар келгенде болгон эмес деген маалыматтар жөнүндө кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0