Германиядагы ири жол кырсыгынан бир киши каза болуп, 66сы жаракат алды

© AFP / HENNING KAISER / DPAТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Падерборн шаарына жакын жерден 24 автоунаа кагылышты. Дароо түшкөн тумандан улам жол кырсыгы болгон.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча бир киши каза болуп, 66 киши түрдүү жаракаттарды алганын жергиликтүү милицияга таянуу менен РИА Новости билдирди.

Osnabruecker Zeitung басылмасынын маалыматы боюнча автобанда 24 машина кагылышкан. Аталган аймакта дароо туман түшкөндүктөн айдоочулар машинасын токтотууга аракет кылышканда, бири-бири менен кагышкан.

Жол кырсыгынан 79 жаштагы киши каза болгон. Автобандагы жол кыймылы бир нече саатка токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0