Бир суткада өлкө аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, бир киши каза болду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиричилик электр шаймандарын колдонууда эреженин бузулушунан улам чыккан өрттөн Жалал-Абад облусунун 60 жаштагы тургуна каза болгон.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Республика боюнча бир суткада 32 өрт кырсыгы катталып, бир киши каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл түнү петарда жарылып, бир жарандын бетине тийген
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча төрт, Чүй облусунда алты өрт катталган. Ысык-Көлдө үч, Таласта алты, Ошто төрт, Жалал-Абад менен Баткенде экиден өрт чыккан.

Базар-Коргон районунда тиричилик электр шаймандарын колдонууда эреженин бузулушунан улам өрт чыгып, 60 жаштагы киши каза болгон.

ӨКМден билдиришкендей, өрт негизинен жеке турак жайларда чыккан. Ошондой эле, петардалардан улам үйүлүп турган чөп күйүп кеткен учурлар да катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0