Иш учурунда каза болгон НТС оператору "Кыялдар орундалат" программасын тартып жаткан

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү кечинде филармониянын алдында болгон жол кырсыгынан оператор мүрт кеткен.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жол кырсыгынан каза болгон НТС каналынын оператору Жоомарт Асанбеков "Кыялдар орундалат" ("Мечты сбываются") программасын тартып жаткан. Ал үй-бүлөдөгү жалгыз бала болгондугун НТС телеканалынан билдиришти.

Тамда тартылган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын эң кандуу көчөлөрү
Бишкек ИИББдин жол кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, кырсык шейшемби күнү болжол менен саат 22.10до филармониянын алдында болгон. Камерасы менен жолдун ортосунда туруп, видео тартып жаткан НТС телеканалынын операторун "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Андан соң түндүктөн түштүктү карай бараткан Лексус RX 300 жолго жыгылып калган жаранды тебелеп кеткен. Асанбеков алган жаракатынан ошол жерден каза болгон. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Сот-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалды. Айдоочунун мас абалында болуп, болбогонун текшерүү үчүн каны биологиялык экспертиза үчүн алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0