Декабрда Кыргызстандын алтын-валюта резерви 14,7 млн. доллардан кол жууду

© Sputnik / Табылды КадырбековКарда тартылган доллар белгиси. Архив
Карда тартылган доллар белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрь айында Улуттук банк жети ирет валюта рыногуна чыкты. Ал эми жыл башынан бери 300 миллион доолар сатылган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Декабрь айынын башталышынан бери Улуттук банк валюта рыногуна 14,7 миллион доллар сатканы мекеменин сайтында жарыяланган.

Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери сом долларга карата 26,7 пайызга арзандаган. Быйыл Улуттук банк орточо эсеп менен чет элдик валютанын курсун турукташтыруу үчүн күнүнө 740 миң доллар коротуп келди

АКШ доллары жана сом. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн күн сайын 740 миң доллар жумшап жатат
Шаршемби күнү өлкөнүн башкы банкы валюта рыногунда 4,8 миллион доллар сатты. 16 күндүн ичинде 14,7 миллион доллар соодаланган.

Жыл башынан бери Улуттук банк 31 ирет интервенцияга чыгып, анын 26 жолкусунда чет элдик валютаны сатып, бешөөндө аны сатып алган. Ноябрь айында валюта рыногуна беш жолу чыккан.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылы Улуттук банк 308,3 миллион доллар сатып, 43 миллион 950 миң доллар сатып алган.

Интервенция жүргүзүүдө эл аралык валюта резерви колдонулат. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата резевдин көлөмү 1 миллиард 737 миллион долларды түзгөн. 

Бир жыл ичиндеги доллардын курсу 2014-жылдын 26-ноябрынан 2015-жылдын 26-ноябрына чейин
Бир жыл ичиндеги доллардын курсу 2014-жылдын 26-ноябрынан 2015-жылдын 26-ноябрына чейин - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл ичиндеги доллардын курсу 2014-жылдын 26-ноябрынан 2015-жылдын 26-ноябрына чейин

Жаңылыктар түрмөгү
0