Ошто акыга нааразы болгон таксистти өлтүрүп кетишти

Жазылуу
Түштүк борбордун милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамды кармашты. Ал айдоочунун сөөгүн каналга ыргытып, унааны ээн жерге таштап салганын айтты.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ош шаарында 38 жаштагы такси айдоочусу Нурбек Миңбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкер кармалганын Ош ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жума мурун милицияга Эшме айылынын тургуну кайрылып, иниси жумуштан кайтпай калганын билдирген. Миңбаев жеке айдоочулук менен алектенип келген.

Эки күндөн кийин иликтөө иштеринин натыйжасында айдоочуга тиешелүү унаа табылган.

"Машинанын салону канга боелуп, андан алыс эмес жерден айдоочунун бут кийими менен орундукка салынган төшөк табылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан соң милиция кызматкерлери качып кетүүгө аракет кылган 25 жаштагы кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Сурак берип жатып ал айдоочуну өлтүргөнүн мойнуна алган.

"Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда акыга байланыштуу пикир келишпестик жаралган. Чатакташуу маалында жүргүнчү таксисттин моюн тушуна бир нече ирет бычак урган. Андан кийин дагы бир шериги менен айдоочунун денесин "Амир-Темур" кичи районундагы каналга ыргытып, унааны ээн жерге айдап барып коюшкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү адам айдоочуну ыргытып жиберген жерди көрсөтүп, милиция каналдан Миңбаевдин эки колу байланган сөөгүн таап чыккан. 

Учурда шектүү адам Оштун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ал эми анын шериги укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0