Бишкекте ата-энелерди баласын мектеп босогосуна чейин жетелеп келүүгө милдеттендиришет

© Sputnik / Табылды КадырбековМектепке бара жаткан окуучу. Архив
Мектепке бара жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин №81 мектептин 1-классынын окуучусун сабакка баратканда жолдон уурдап кетишип, ал бала каза болуп калган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектептерде кенже класстын окуучуларынын ата-энелерине балдарын сабакка коштоп алып келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бул боюнча Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгы атайын буйрук чыгарды.

"Башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелери менен баланы мектепке коштоп келүү туурасында келишим түзүлө баштады. Бул балдарды балээлүү кырсыктардан сактоо максатында жасалып жатат", — деп айтышты аталган башкармалыктан.

Аялдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланы уурдап, суукка калтырып өлтүргөн аял кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Бишкекте жети жашар Даниель аттуу бала жоголуп кеткен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө баланы мектепке бараткан жолдо Майрам аттуу аял уурдап кеткен, ата-энесинен акча талап кылганы аныкталган. Укук коргоо органдарынын кызматкери баланы куткарганга жетишкен эмес, себеби, ээн талаага ташталган окуучу каза болуп калган.

Баланы уурдатуудан кантип сактануу керек бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0