Мамлекеттик ипотека компаниясы январда насыя бере баштайт

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүБанкта ипотека бөлүмү. Архив
Банкта ипотека бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев аталган компания доллар курсунан жана инфляциядан көз карандысыз болорун маалымдады. Жаңы жылдан баштап бериле турган каражат 15 жылга белгиленген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кийинки жылдын январь айынан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик уюмдун кызматкерлерине насыя бере баштай турганын премьер-министр Темир Сариев аталган компанияны түзүү маселесине арналган жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өкмөт 2015-2020-жылдарга караганда жеткиликтүү турак жай программасын бекиткен. Анда банк системасын жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү программасына тартуу каралган.

"2016-жылдын январь айынан баштап Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик уюмдун кызматкерлери — тарбиячылар, мугалимдер, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери үчүн насыя бере баштайт. Тандоо абдан катаал болот. Учурда анын критерийлери иштелип чыкты. Турак жайга чындап муктаж адамдар ээ болушу керек", — деди Сариев.

Жыйын жүрүшүндө насыя сом менен берилери, ал эч кандай доллар курсуна, инфляцияга байланышпай турганы жана каражат 15 жылдык мөөнөт менен берилери белгилүү болду. Мындан тышкары, турак жайдын бир чарчы метри 37 миң 500 сомдон ашпайт деген чечим кабыл алынды.

Бактыгүл Жээнбаева жетектей турган компания Экономика жана өнөр жай министрлигинин биринчи кабатында жайгашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0