Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания түзүлдү, аны Жээнбаева жетектейт

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүБанктагы ипотекалык насыя бөлүмү. Архив
Банктагы ипотекалык насыя бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
МИК "жеткиликтүү сегменттен" турак-үйлөрдү курууну каржылап, ошондой эле калкты жеткиликтүү ипотека аркылуу турак-жай менен камсыз кылат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай-2015" программасын ишке ашыруу максатында "Мамлекеттик ипотекалык компания" (МИК) ишканасы түзүлгөнүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, МИК "жеткиликтүү сегменттен" турак-үйлөрдү курууну каржылап, ошондой эле калкты жеткиликтүү ипотека аркылуу турак-жай менен камсыз кылат. Мында турак-жай андан ары сатып алуу укугу менен же ансыз эле убактылуу ижарага берилет.

МИК ишканасынын төрагалынына Бактыгүл Жээнбаева дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0