Ишкерлер мамлекет менен бирге коррупцияга каршы күрөшөт

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүДоллар акчалары. Архив
Доллар акчалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антикоррупциялык форум мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун биргелешкен аракетин ишке ашыруучу жана социалдык өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүчү аянтча болуп берери белгиленүүдө.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Коррупциянын алдын алуу жаатында мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун ортосундагы социалдык өнөктөштүктүн кымаларын иштеп чыгуу максатында 11-ноябрь күнү Коррупцияга каршы форум өтө турганын Экономика министрлиги билдирди.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Болочок экономисттер Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүн талкуулайт
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик орган, бизнес коомчулук, эл аралык уюм жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышмакчы. 

Форумда атаандаштыкты өнүктүрүү, бизнес жүргүзүүдөгү коррупциялык тосколодуктар, адилеттүү жана этикалык стандарттарга ылайык иш алып баруу сыяктуу маселелердин талкууланышы күтүлүүдө. 

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чара коррупцияга каршы мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун биргелешкен аракетин ишке ашыруучу жана социалдык өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүчү аянтча болуп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0