Милиция үйдү 97 миң сомго карактап кеткен ууруну колго түшүрдү

Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жарандын буга чейин да үй уурулугуна байланыштуу соттолгондугу белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бир үйдөн 97 миң сомдук буюм-теримди алып кеткен каракчылар кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Автоунаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автооунаны уурдатып жиберүүдөн сактай турган сегиз жөнөкөй эреже
Маалыматка ылайык, аталган жарандар шаардын 5-кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн биринин эшигин ачып кирип, 37 миң сом, 300 доллар жана зер буюмдарын уурдап кеткен. 

Үй ээсинин арызы боюнча жасалган ыкчам аракеттердин натыйжасында 30 жаштагы Мухамеджан аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Милиция кызматкерлеринин билдирүүсүндө, ал буга чейин үй уурулугу боюнча соттолуп чыккан. 

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0