Муниципалдык менчик башкармалыгына карата мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Кызматтык жана каржылык мыйзам бузуулардын негизинде мамлекетке жалпы жонунан 1 миллион 827 миң 250 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы УКМК менен биргеликте муниципалдык менчик башкармалыгынын бир катар кызматтык жана каржылык мыйзам бузууларын аныктап чыкканын аталган мекеме билдирди.

Мэрия шаардын бардык көчөлөрүнө сары түстөгү жол чийин түшүрүүгө ниеттенип жатат
Маалыматка ылайык, сентябрь айында "Имарат-сервис" ишканасынын жер тилкелери үчүн ижара акысынын жасалма квитанциялары табылган. Мындан тышкары, ижара акысынын негизсиз төмөндөтүлгөнү аныкталган. 

Мындан улам мамлекетке жалпы жонунан 1 миллион 827 миң 250 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Чогулган материалдардын негизинде муниципалдык менчик башкармалыгына карата Свердлов жана Октябрь райондук прокуратуралары тарабынан кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0