Путиндин туулган күнүндө Атамбаев Сочиге жөнөп кетти

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев учакка отуруп аткан кези. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев учакка отуруп аткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттер кыргыз-орус мамилелеринин негизги багытын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жолун жана ЕАЭБ алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда иш сапары менен Россиянын Сочи шаарына учуп кеткенин өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарында Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, өлкө башчылары кыргыз-орус мамилелеринин негизги багытын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жолун жана ЕАЭБ алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0