Путин өзүнүн 63-туулган күнүн Түнкү хоккей лигасынын катышуучулары менен өткөрөт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн Сочинин хоккей талаасында белгилемекчи. Ал өзүнүн эски тааныштары, атактуу ардагер хоккейчилер жана Түнкү хоккей лигасынын катышуучулары менен ойнойт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн Россиянын башчысы Владимир Путин 63кө чыгып жатат жана ал өз туулган күнүндө белгилүү хоккейчилер жана Түнкү хоккей лигасынын катышуучулары менен муз майдаңына чыгат.

"Путин хоккей ойнойт. Ал, салтка айлангандай, өзүнүн эски тааныштары, атактуу ардагер хоккейчилер жана эртең сезонун баштаганы жаткан Түнкү хоккей лигасынын катышуучулары менен чыгат", — деди журналисттерге мамлекет башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Президент азыр иш сапары менен Сочиде жүрөт.

Путин менен Обама Сирия жана Украинанын көйгөйлөрүн талкуулашты
Путин адатта өзүнүн туулган күндөрүн жумуш тартибине жараша өткөрөт. Бирок 2014-жылы ал бул күнү атайын эс алууга чыгып, Сибирь токойлорунда, эл аз жерде өткөрүп келген. Путин ошол күнү тоо менен тогуз чакырымдай аралыкты басып өткөнүн айткан.

2013-жылы болсо ал туулган күнүн курортто, бирок жумуш үстүндө – Индонезиянын Бали аралына АТЭСтин саммитине катышып жүрүп өткөргөн. Жумуштун көптүгүнө карабай, президент белексиз калган эмес. Тартуулардын арасында күтүлбөгөн белектер да болгон. Мисалы, ал күнү эртең менен Путинди саммиттин отуруму өтүп жаткан залда Индонезиянын лидери Сусило Бамбанг Юдойоно Happy Birthday to You ("Туулган күнүң менен") аттуу ыр менен тосуп алган. Баса, аны Юдойоно өзү гитара чертип ырдап, ал эми жолугушуунун башка катышуучулары аны коштоп турган. Кечирээк Япониянын премьери Синдзо Абэ Путинге өз өлкөсүнүн салттуу ичимдиги сакэ тартуулап, ал эми КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинден Россиянын мамлекет башчысы торт алган.

Хоккей…

Путин хоккей ойной баштаганына аз эле болсо да, жолдоштук беттешүүлөрдө бир нече жолу муз майданына чыккан. 1-сентябрда ал Сочиде "Сириус" билим берүү борборунун окуучулары менен ойногон. Мамлекет башчысы салт боюнча 11-номер менен чыгып, ага Вячеслав Фетисов, Павел Буре, Валерий Каменский, Александр Овечкин жана Евгений Малкин сыяктуу атактуу хокейчилер шериктештик кылган.

Француз саясатчысы Путиндин "Ислам мамлекетине" каршы коалиция боюнча пикирин туура деп тапты
Түнкү хоккей лигасынын матчтарында да Путин бир нече жолу катышып, акыркы жолу алардын гала-матчына үстүбүздөгү жылдын май айында чыкканы белгилүү. Россиялык лидер анда сегиз гол киргизип, ал ойногон команда атаандашын 18:6 эсеби менен жеңип алган болчу. 

Россиянын президенти 2012-жылы өз инаугурациюсынан бир нече гана саат өткөндөн кийин ушул эле Түнкү хоккей лигасы менен музга чыккан. Бул Путиндин алгачкы оюндарынын бири болчу. 

Спортсмендер менен турнирлерге катышуудан тышкары, Путин өзүнүн саясаттагы кесиптештерин, мисалы, Финляндия менен Белоруссиянын президенттерин да муз майданына чакырган.

Түнкү хоккей лигасы 2011-жылы Путиндин демилгеси менен жана орус хоккейинин ардагерлеринин колдоосу аркасында түзүлгөн. Анын башкы милдети улуу муундагы россиялыктарды спортко тартып, өлкөдө шайбалуу хоккейди кеңири жайылтуу жана Россиянын бардык аймактарын бириктире турган хоккейди сүйүүчүлөр коомчулугун түзүү болчу. 

…жана башка спорттук кызыгуулары

Путин спорттун көп түрлөрүн жакшы көргөндүгү менен белгилүү. Алардын алдыңкы катарында дзюдо жана тоо лыжасы турат. Россиянын президенти дзюдо боюнча спорт чебери жана ал боюнча Санкт-Петербургдун бир нече жолку чемпиону, ошондой эле карате боюнча кара курдун ээси. Самбо жана дзюдо менен 11 жашынан бери машыгат. Мамлекет башчысы, ошондой эле, чана-бобслей спортуна да кызыгып, керлинг, автоспорт, бадминтон жана армрестлинг сыяктуу спорттун түрлөрүндө да өз күчүн сынап көргөн.

Путин Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады
Жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынын алдында америкалык журналист Чарли Роузга берген маегинде Путин "туура жашоо — көптөгөн орчундуу маселелерди чечүүгө негиз болуучу өтө олуттуу нерсе" деген эле. Россиялык лидер өзү жана кесиптештери — премьер, министрлер, депутаттар — спорт таймаштарына катышуусу туура деп эсептейт.

Путин балык уулоого болгон сүйүүсү менен да белгилүү. 2013-жылы Туванын алыскы аймагында орун алган Токпак-Холь көлүндө 21 килограммдык чортон балыгын кармап алган. 2014-жылы Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Путиндин туулган күнүнө Япониянын Москвадагы элчилиги аркылуу балык уулоо үчүн спиннинг тартуулаган.

Мурдараак Песков айтып бергендей, салт катары Путинге берилген белектердин көпчүлүгү президенттин китепканасында сакталат, бирок тааныштары жана достору тартуулаган белектерди мамлекет башчысы өзүнө калтырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0