Кыргызстанда "Жыл мугалими – 2015" республикалык сынак башталды

Жазылуу
Республикалык сынак "Мыкты мугалим", "Мыкты инновациялык мектеп", "Мыкты бала бакча" номинациялары боюнча өтөт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Жыл мугалими – 2015" республикалык сынак башталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Нарында "менин сүйүктүү мугалимим" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун №1 орто мектебинде сынактын ачылыш салтанаты өтүп, ага министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. 

Райондук жана облустук конкурстардын жыйынтыгы менен өлкөнүнн булуң-бурчунан келген 150 мугалимге министрдин орун басары ыраазычылык билдирип, эмгектерин баалап өттү.

Республикалык сынак "Мыкты мугалим", "Мыкты инновациялык мектеп", "Мыкты бала бакча" номинациялары боюнча өтөт. 

Аталган сынак Кыргызстанда 2009-жылдан тарта алдыңкы мугалимдерди, педагогикалык жамааттарды колдоо максатында өткөрүлүп келет. Эртең иш-чаранын экинчи туру өтүп, ал эми 9-октябрда сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0