Атамбаев: Балыкчы шаары толук кандуу логистикалык борборго айланат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда.
Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы "Бишкек — Балыкчы — Казарман" альтернативдүү жолу уланып, Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу өтөрүн, жакындан тарта "Тамчы" эл аралык аэропорт болуп, күн-түн дебей учактарды кабыл алууга даяр болорун белгиледи.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Түндүк — Түштүк" альтернативалуу унаа жолунун аякташы менен Балыкчы шаары толук кандуу логистикалык борборго айлана турганын президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Атамбаев: эмки жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт.

Өз сөзү Курман айт майрамы менен куттуктоодон баштаган президент тургундардын суроолоруна жооп берип, облустагы инфраструктура, айыл чарба жана туризм багытында жасалып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди.

Өлкө башчы "Бишкек — Балыкчы — Казарман" альтернативдүү жолу уланып, Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу өтөрүн, жакындан тарта "Тамчы" эл аралык аэропорт болуп, күн-түн дебей учактарды кабыл алууга даяр болорун белгиледи.

"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулушу жана "Түндүк — Түштүк" альтернативалуу унаа жолунун аякташы менен Балыкчы шары толук кандуу логистикалык борборго айланат", — деди Атамбаев.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар президентке экология, жумушсуздук, турак жай, мектеп курулушу боюнча суроолорду беришти.

Өлкө башчы эки жыл аралыгында мектеп жетишсиздиги жоюла турганын белгиледи.

"Жер-Үй кенин казууга укук берүүчү лицензияны сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен авариялык абалдагы мектептер оңдолуп, бир нече окуу жай салынат", — деди президент.

Ушуну менен Атамбаевдин Ысык-Көлгө болгон эки күндүк иш сапары аягына чыгат. Бүгүн өлкө башчынын Бишкек шаарына кайтып келиши күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0