Камайм деп опузалап, пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды

Жазылуу
Кара-Суу РИИБдин милиция кызмткери, лейтант пара алып жаткан жеринен кармалды.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. 25 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу РИИБдин милициянын лейтанты колго түштү. Аны Башкы прокуратуранын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү кармашкан. 

Милиция кызматкеринин фуражкасы, акча жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милицияга пара берген жаранга кылмыш иши козголду
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасына жаран кайрылып, Кара-Суу РИИБдин кызматкери камакка алам деп коркутуп, андан акча талап кылганын айткан.

Кармалган милиция кызматкерине карата прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0