Исфайрам дарыясына автоунаа түшүп, төрт адам каза болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы.Архив
Тез жардам автоунаасы.Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя катталган жерге Кызыл-Кыя шаарындагы №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткендерди издөө иштерин жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Валакыш айылынын жанында Исфайрам дарыясына Нива үлгүсүндөгү автоунаасы түшүп кетип, натыйжада эки адам жабыркап, төрт адам сууга агып каза болгонун ӨКМ маалымат кызматы билдирет. 

Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына чөгүп кеткен жаран изделүүдө
Маалыматка ылайык, кырсык 6-июль күнү саат 19.35те болгон. Окуя катталган жерге Кызыл-Кыя шаарындагы өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан беш куткаруучу тартылып, сууга агып кеткендерди издөө иштерин жүргүзүшкөн. 

Жабыркаган эки адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканага жөнөтүшкөн. Андан кийин куткаруучулар эки адамдын жансыз денесин таап, Кызыл-Кыя шаардык өлүкканага жеткиришкен.

Учурда калган эки адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0