Диль: КР менен Германиянын ортосундагы кызматташуу өнүгүшү керек

Жазылуу
Министрлик менен мекемелерге эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырылды.

БИШКЕК, 28-июнь — Sputnik. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык өнүгүшү керек деген оюн КР вице-премьер-министри Валерий Диль билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча Бишкекте 2015-жылдын июль айында Кыргыз өкмөтү менен Германия Федеративдик республикасынын ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Вице-премьердин айтымында, учурда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кыргыз-немис кызматташуусу толук кандуу ишке ашпай келет. 

"Кызматташуунун алкагында немис экономика үйүн негиздүү, айыл чарба университетинин базасында техникалык институт түзүү, энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мындан тышкары, Улуу Жибек Жолунун алкагында логистикалык, унаа жана соода тармагындагы кызматташуунун келечеги кең", — деди Диль.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диль жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын инвестиция тартууга чакырды
Кеңешменин жыйынтыгы менен Диль тийиштүү министрлик менен мекемелерге эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. 

Июль айында өтө турган сүйлөшүүлөрдө немис делегациясын Германияны өнүктүрүү жана экономикалык кызматташуу федералдык министрлигинин "Кытай, Борбордук Азия, Чыгыш Азия, Лаос жана Камбоджа" бөлүмүнүн башчысы Марион Эдель жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0