Диль жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын инвестиция тартууга чакырды

Жазылуу
Көп убакыттар бою лицензия берүү мыйзамсыз болгондуктан, жергиликтүү калк кен иштетүү үчүн келген инвестерлорго ишенбей, аларды өз аймагына киргизбей жатканын вице-премьер-министр билдирди.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары инвестиция тартууга активдүү катышуусу керектигин вице-пермьер-министр Валерий Диль баса белгиледи.

21-майда вице-пермьер-министр мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына арналган "Кыргызстандын кичи шаарларындагы экономикалык өнүгүүгө жардамдашуу" аттуу семинарга катышты.

Валерий Диль билим берүүгө инвестиция салуу абдан пайдалуу экенин айтып, мындай мүмкүнчүлүктөн болушунча көбүрөөк пайда алып калуу керектигин баса белгиледи.

"Кыргызстан ЕАЭБге кирип жаткандыктан, жергиликтүү органдарга да көп милдеттер жүктөлөт. Айыл чарбасын реформалоонун мезгили келди, уруктандыруу жана асыл тукум малды өстүрүү жаатында илимий негизге таянуу керек", — деди ал.

Ал эми инвестиция тартуу тууралуу айтып жатып, көп убакыттар бою лицензия берүү мыйзамсыз болгондуктан, жергиликтүү калк кен иштетүү үчүн келген инвестерлорго ишенбей, аларды өз аймагына киргизбей жатканын вице-премьер-министр билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0