Жол фондунун каражатынын 10 пайызы кайда жумшалат — Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды

Sputnik
Жогорку Кеңеш Жол фондунун каражатынын 10 пайызын тармакты өнүктүрүүгө багыттоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда карап, кабыл алынды. Акыркы жылдары жол фондусуна түшкөн каражат кескин өсүп, миллиарддаган сомго жеткени менен, тармактагы негизги көйгөйлөр — кызматкерлердин айлыгынын аздыгы, техникалык базанын эскилиги жана коррупциялык тобокелчиликтер — дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Жаңы сунушталган мыйзам өзгөртүүлөрү ушул маселелерди чечүүгө багытталып, фонддун каражатынын бир бөлүгүн тармакты өнүктүрүүгө жана адистерди колдоого багыттоону көздөйт. Бул өзгөрүүлөр жол тармагына кандай таасир этерин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков айтып берди.