Бишкекте лифт орнотуп жаткан киши 10-кабаттан кулап, каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан имараттын 10-кабатынан 32 жаштагы жумушчу кулап, набыт болду.
Ленин райондук милициясынын маалыматына ылайык, 32 жаштагы Э.В. көп кабаттуу үйдүн лифт жабдууларын орнотуу учурунда 10-кабаттан лифт шахтасына кулап кеткен. Кырсык техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам болгону айтылууда.
Факт боюнча "Курулуш жана башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Жооптуу техникалык коопсуздук кызматкери кармалып, подрядчы компаниялардын өкүлдөрү жана күбөлөр суракка алынып жатат.
Кара-Балтада ресторандын бастырмасы урап 19 жаштагы улан каза тапты