Мэрия Бишкекте жаандан кийин көчөлөрдү суу капташынын себебин түшүндүрдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жамгырдан кийин Бишкектин көчөлөрүн суу каптап жатканынын себеби — таштандыдан бүтөлгөн арыктар. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Борбор калаада жааган жамгырдан кийин бир катар көчөлөрдү жана жөө өтмөктөрдү суу каптап, шаардыктардын нааразычылыгын жараткан. Тургундар тарткан видеолордон автобуска түшүү үчүн адамдардын суу кечип өтүүгө аргасыз болгону, ал эми айрым тротуарлар таптакыр өтүүгө мүмкүн болбой калганы көрүнөт.
Муниципалитет коммуналдык кызматтар арыктарды тазалап жатканын билдирип, шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырды.
Аптанын башы жаанчыл болот. 11-майдан 17-майга чейинки аба ырайынын божомолу