БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Владимир Зеленский фронтто жаза басканынан жана өлкө ичиндеги нааразычылыктан улам олуттуу кыйынчылыктарга тушугат. Бул тууралуу АКШнын The American Conservative журналы жазды.
Маселенин жаралышына саясий, аскердик, экономикалык жана башка тармактардагы көптөгөн көйгөйлөр себеп катары келтирилет. Автор Украина Куралдуу күчтөрү туш болгон тоскоолдуктарды жашыруу барган сайын кыйындап баратканын жана коррупциялык чыр-чатактан улам Зеленскийге басым күчөгөнүн белгилеген.
"Жер-жерлердеги чыныгы кырдаал начарлап баратат. Украина бийлиги үчүн Россияны жеңебиз деп элди ынандырган куру кыял, убадасын ишке ашыруу барган сайын мүмкүн эмес экени сезилип калды", — деп жазылат макалада.
Эскерте кетсек, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков апрель айында Зеленский Россия менен тынчтык келишимин түзгөнгө чейин аскердик операция улана берерин билдирген.