БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чүйдүн Кара-Балта шаарында 16 жаштагы кызды төрт кыз томоктоп, видеого тартышкан. Жайыл райондук милициясы уруш боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Маалымдалгандай, жабырлануучунун чоң энеси милицияга кайрылган. Окуя 7-майда Кара-Балта шаарындагы дача аймагында болгон. Т.А. үйүнө дүкөндөн кайтып бара жаткан учурда 17, 16 жана 13 жаштагы кыздар менен жолугуп, ортодо чыр чыккан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздардын бири жабыралануучуну жаакка чапканы, андан кийин калгандары чачын жулуп, колун кайрып, жерге жыгып тепкилешкени аныкталган. Алар окуяны уюлдук телефонго тартып турушкан. Кийинчерээк бейтааныш эркек киши келип, кыздарды ажыраткан.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.