БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өлкөдө евростандартка жооп берген сапаттуу күйүүчү май өндүрүү пландалууда. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул үчүн "Кыргызнефтегаз" жана "Жунда" заводдору модернизацияланып жатканын жазды.
Ал Кыргызстанда нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү иштери уланып жатканын белгилеген.
Ошондой эле АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш баштагандан кийин дүйнөдө газ менен күйүүчү май кескин кымбаттаганын, бул жагдай Кыргызстанга да таасирин тийгизгенин кошумчалады.
"Айрымдар Казакстанда май арзан, Кыргызстанда кымбат экенин айтып жатышат. Казакстанда нефть ресурстары бар, баа мамлекет тарабынан субсидияланат. Кыргызстанда да ушундай практика электр энергиясы тармагында колдонулат. Өздүк баа жогору болсо да элге арзаныраак тариф менен берилет, айырманы мамлекет жабат. Кыргызстанда ири нефть запастары болгондо биз дагы элге күйүүчү майды арзаныраак бермекпиз. Ошондуктан өзүбүздө жок ресурс үчүн бири-бирибизди күнөөлөбөй, маселеге реалдуу карайлы", — деп жазган Орунбеков.
Ал мурда Россиядан АИ-92 бензининин тоннасы 650 доллардын тегерегинде болсо, азыр орточо 950 долларга чейин жеткенин, ал эми дизель мурда 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кен казуу менен алектенген "Кыргызнефтегаз" ишканасы жылына 500 миң тонна чийки затты өзү казып алып, Жалал-Абаддагы заводдо кайра иштетет. Анда АИ-80, дизель майы, мазут чыгарылат. Продукциялар ички рынокко сатылат.
Бирок бул өлкөнүн керектөөсүнө караандабайт. Мындан улам күйүүчү май сырттан, негизинен Россиядан импорттолот.