КФБ президенттигине Адылбек Касымалиев жалгыз талапкер болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалгыз талапкер болду.
Маалыматта анын талапкерлигин биримдиктин аткаруу комитети сунуштаганы айтылат. Ал эми аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов менен Жохан Ералханов сунушталды.
Шайлоо 12-майда өтөт. Буга чейин аталган кызматты Камчыбек Ташиев ээлеп, 15-апрелде тапшырып берген.
Артем Новиков Баскетбол федерациясына жаңы президент болуп шайланды