БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Европа Россия менен диалогун башташы керек. Бул тууралуу Финляндия президенти Александр Стубб Corriere della Sera гезитине маек куруп жатып билдирди.
"Ооба, Москва менен сүйлөшчү мезгил келди", — деген өлкө башчысы.
Ошол эле учурда ал европа лидерлеринин ортосунда ортомчу боло турган өкүлдү тандоо талкууланып жатканын, азырынча орток пикир жок экенин белгиледи. Муну менен бирге Стубб АКШнын Россия жана Украина боюнча саясаты Евробиримдиктин кызыкчылыгына жооп бербей турганына токтолуп, Европа Москвага түз чыгышы керектигин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, ишемби күнү РФ лидери Владимир Путин ортомчулукка Россиянын дарегине катуу сөз айтпаган лидердин баары жарай турганын, Москва диалог үчүн ачык экенин билдирген.