БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы веложол Корумду айылына чейин узартылып, маршруттун бир бөлүгү көлдүн үстү менен өтөт. Мындай тапшырманы прездент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы бекеттин курулушуна барганда берди.
Өлкө башчысы бул уникалдуу долбоор болорун айткан.
Учурда веложол Чолпон-Ата менен Бостери айылын бириктирип турат.