БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Азыркы "Ош" базары башкы планда ишкердик аймак катары көрсөтүлгөн, бирок мындай жагдай жашыл аймак түзүүгө тоскоол болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кийинчерээк бул аймак боюнча деталдуу план жана курулуш долбоорлору иштелип чыгып, жашыл жана коомдук эс алуу аймактарын түзүү каралат.
"Мэрия айрым көчөлөрдү жөө адамдар үчүн аймакка айландыруу мүмкүнчүлүгүн дагы карап жатат. Бул долбоор гранттык каражаттардын алкагында пилоттук негизде жүргүзүлөт. Шаар бийлигинин өкүлдөрү тажрыйба алмашуу үчүн Алматы шаарына да барып келишкен", — деди мэр.
Ал ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба жерлери трансформацияланбай турганын белгиледи.
Мындан тышкары, Кара жыгач токою жана Ататүрк паркына байланыштуу маселе дагы көтөрүлдү. Мэр 2005-2010-жылдары кыскарган парк аймактарын кайтаруу боюнча иш уланып жатканын билдирди. Бирок ал жерлердеги айрым курулуштар мыйзамдын негизинде өзүнчө караларын кошумчалады. Азырынча бул багытта акыркы чечим кабыл алына элек.