БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон жана Кубакы ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жетти.
Учурда жол тейлөө кызматтары жолдорду кардан тазалап, кум-туз сээп жатышат. Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө киргизилген жок.
Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого жана жол эрежелерин так сактоого чакырды.