Аксыда бир үй-бүлөнү сел алып кете жаздады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районунда бир үй-бүлөнү сел алып кете жаздады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Мор-Булак айылынын тургуну жубайы жана үч баласы менен "Жигули" унаасында баратканда сел каптап, моторуна суу кирип, өчүп калган. Үй-бүлө унаадан өз убагында чыгып кетүүгө жетишкен.
Жабыркагандар жок, бүлө үйүнө жеткирилген. Сел унааны бир чакырымга чейин агызып барган.
Мэрия Бишкекте жаандан кийин көчөлөрдү суу капташынын себебин түшүндүрдү. Видео