Web 3.0 дүйнөлүк каржы рыногуна чоң өзгөрүүлөрдү киргизери айтылууда. Анын пайда болушу менен банк сектору өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, ар бир жаран өз каражаты үчүн өзү банк болот дешет. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү ачкан желенин кыйынчылык жактары да бар. Аны колдонуу татаалдыгы жалпы коомчулукка жеткиликтүүлүгүн солгундатат. Активдер санарипке өтүп, каражаттары желе аркылуу башкарылып калчу доордун алыс эместиги өлкө өкмөтүнүн иштеринен да билинет. Президенттин атайын тапшырмасы менен бул багытта түзүлгөн кеңеш учурда кызуу иштеп турган чагы. Бүгүнкү “Экономикалык паноарама” уктуруусунда биз Web 3.0 дүн мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин, анын өлкө өкмөттөрү жана ири компаниялар үчүн ордун талкуулаганга аракет кылдык.