Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Ардактуу угармандар жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Депутат Айтиевдин атасы шылуундукка шектелип кармалды. Эл өкүлү мандатын тапшырууда РФ менен ЕБге ким ортомчу боло алат? Немец депутаттары Путиндин сунушун колдошту Бишкектеги эски Ош базарынын ордуна эмне курулат? – шаар мэри маалымат берди. Алдыда кененирээк... Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин айтымында, Бишкектеги эски Ош базары жайгашкан аймак жаңыча өнүктүрүлөт. Анын билдирүүсүнө караганда, аталган жерде жашыл аймактар, коомдук мейкиндиктер жана эс алуу зоналары түзүлөт. Башкы пландын негизинде бул аймак бизнес зонасы катары каралган, бирок жашыл жана коомдук мейкиндиктерди түзүү мүмкүнчүлүгү да эске алынууда. Шаар бийлиги учурда башкы план менен катар деталдуу пландоо долбоорун да иштеп чыгып, бардык өзгөрүүлөрдү так ошол документке киргизүүнү көздөп жатат. Ошондой эле жаңы Ош базарынын курулушу август айына чейин аяктап, ишке берилери күтүлүүдө. Жаңы комплекс ишке киргенден кийин азыркы базардын орду толугу менен бошотулат.
Депутат Айтиевдин атасы шылуундукка шектелип кармалды. Эл өкүлү мандатын тапшырууда Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Укук коргоо органдарындагы булактарыбыз депутаттын атасы Тынычбек Айтиев шылуундукка айыпталып кармалганын билдиришти. 26 жаштагы Айтиев Чүйдүн Аламүдүн районудагы №20 көп мандаттуу шайлоо округунан 9 021 добуш менен биринчи орунду алган. Эми анын мандаты 2 867 добуш менен үчүнчү сапта турган Максат Алымбековго берилиши мүмкүн.
Немец депутаттарынын басымдуу бөлүгү Россия президенти Владимир Путиндин Москва менен Евробиримдиктин сүйлөшүүсүндө Германиянын экс-канцлери Герхард Шредер ортомчу боло алат деген пикирин колдошту. Бул тууралуу Spiegel басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды. "Шредердей адамдын жардамы менен эпке келе алсак, учурдан пайдаланып калышыбыз керек. Баш тартуу шалаакылыктын жеткен чеги болот", — деген Германиянын Социал-демократиялык партиясынын депутаты Ральф Штегнер маек учурунда. Анын айтымында, эгер Европа сүйлөшүүгө бара турган болсо, Россия түзүп берип жаткан бардык мүмкүнчүлүктү колдонушу керек. Партиянын экс-төрагасы Рольф Мютцених Евробиримдик Шредердин талапкерлигин карап көрүшү керектигин, деген менен Еврокеңештин башчысы Антониу Коштанын Москва менен диалог боюнча буга чейин берген сунушуна көңүл бурушу зарылдыгын белгиледи. Ушундай эле пикирди "Союз Сары Вагенкнехт " партиясынын депутаты Фабио де Маси да айткан. "Москва менен алаканы жолго коюу үчүн Шредердей адамды пайдаланбай коюу чоң ката болмок. Эгер ЕБ согушту токтотууга чындап ынтызар болсо, анда Шредерди колдонуп калышы керек", — деп жазган ал соцтармак баракчасына. Ишемби күнү РФ лидери Владимир Путин маалымат жыйын учурунда Россия менен Евробиримдикке ортомчулук кылууга Германиянын экс-канцлери Герхард Шредердин талапкерлигин сунуштаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Берлин аны четке кагып келет. Акыркы учурда Европа мамлекеттери тарабынан Россия менен алаканы жандантууга чакырыктар жасалууда. Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта блок мүчөлөрү менен "ыңгайы келгенде" Москва менен жүрө турган сүйлөшүүлөргө даярдыкты талкуулап жатканын билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 94 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 16 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы 12-майга караган түнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Шейшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +15...+20, Талас +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын регионунда +11...+16 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17...+19, Ош калаасында +24…+26 градус ысыйт.