Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына карата “Жаңы ысымдар” аталышындагы XI эл аралык студенттик театр фестивалы өтүп, ага Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандан келген жана Кыргызстандан жаш таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бүгүнкү чыгарылышыбызда аталган фестивалда “Театр сыны” багытында биринчи орунга ээ болушкан студенттер Чыныбек уулу Дастан, Жумашова Сезим менен маек курдук.