Мекенибизде кечки саат 5. Бул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыздар! Алгач биз токтоло турчу кабарлардын кыскача мазмуну...1 900 000 кишиге ылайыкташат. Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы бекиди Ирандын АКШга берген жообуна Трамптын ичи чыккан жок Бийлик өкүлдөрү айылдарды кыдырып, элдин көйгөйлөрүн жеринде угууда. Эми алдыда кененирээк маалымат.... Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкө аймактарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар башталды. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта облустардагы президенттин өкүлдөрү, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери, ошондой эле тиешелүү жетекчилер айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен түз жолугушууларды өткөрө башташты. Жолугушууларда тургундардын көйгөйлөрү угулуп, суроолоруна жооптор берилет. Айрым маселелерди мүмкүнчүлүккө жараша жеринде чечүү каралууда. Орунбеков жарандарды жолугушууларга активдүү катышып, көйгөйлөрүн жана сунуштарын ачык айтууга чакырды. Анын белгилешинче, бардык жолугушуулар жергиликтүү телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Бул демилге президенттин “эл менен ачык жана түз иштегиле” деген тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, эки айга созула турган иш-чара өлкөдөгү бардык айыл өкмөттөрдү камтыйт. Министрлер кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти. Документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Пландын алкагында Бишкек 2050-жылга чейин 1 900 000 калкы бар, ыңгайлуу, коопсуз жана экономикалык жактан туруктуу шаарга айланышы керек. Негизги жоболор: эми шаарда имарат курууда жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда башкы план сөзсүз эске алынат; кайсы аймак эмне максатта колдонулары так аныкталбаган жерлер боюнча чечимди министрлер кабинети чыгарат; жер мунапысына кирген объектилерге бул документ тиешелүү эмес; мурда даярдалып, бирок ишке ашпай калган курулуш пландары жаңы планга ылайыкташтырылат.
Караколго 10 жаңы заманбап автобус алып келинди Каракол шаарына 10 жаңы заманбап автобус жеткирилди. Алар Каракол — Бишкек, Каракол — Алматы жана Каракол — Ташкент каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлейт. Жаңы автобустар алыскы сапарларга ылайыкталып, жүргүнчүлөр үчүн бардык керектүү шарттар менен жабдылган. Жакынкы күндөрү дагы 20 автобус алып келүү пландалууда. Алар шаар ичиндеги каттамдарга чыгарылып, Караколдогу коомдук транспорттун сапатын жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталат.
Ирандын АКШга берген жообуна Трамптын ичи чыккан жок АКШ президенти Дональд Трамп АКШнын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Жаңы эле Ирандын "өкүлдөрү" делген адамдардын жообун көрдүм. Мага жаккан жок, таптакыр кабыл алынгыс!" — деп өлкө лидери Truth Social соцтармагына жазган. Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Тегеран Вашингтондун тынчтык сунушун четке каккан. Ирандыктар демилге "ашыкча талаптарга баш ийүүнү билдирет" деген пикирде. Ирандын жообунда санкцияларды алуу, Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөө, мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү активдерин камактан чыгаруу жана АКШ тарабынан согуштук репарация төлөө камтылган. Axios Трамп Тегерандын сунушун четке кагарын айтканын жазды. Эскерте кетсек, тараптарга Пакистан ортомчу болууда.