Улуу Ата Мекендик согуштун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылышы

Sputnik
"Ачык кеп" уктуруусунда кыргыз адабиятынын улуу классиги, дүйнөлүк масштабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында Улуу Ата Мекендик согуш темасы кандайча чагылдырылганы тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус жана славян филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору Нурайым Сардарбек кызы менен маек курдук.
Чыңгыз Айтматовдун бала жана өспүрүм чагы дал согуш мезгилине туш келип, ал ошол оор жылдардын апаатын, элдин кайгысын жана жоготууларын өз көзү менен көрүп чоңойгон. Бул турмуштук тажрыйба анын чыгармачылыгынын негизине айланып, кийин дүйнөгө белгилүү болгон чыгармаларында терең из калтырды.
Уктурууда Айтматовдун чыгармаларындагы согуштун көркөм чагылдырылышы, адам тагдыры жана руханий баалуулуктар тууралуу сөз кылып, жазуучу согушту кандай көркөм ыкмалар менен сүрөттөгөн? Анын чыгармалары бүгүнкү күндө кандай тарбиялык мааниге ээ? — ушул жана башка суроолорго жооп алдык.