Ысык-Көлгө балык уулоо үчүн мыйзамсыз синтетикалык торлор салынып, бир гана балыктарды эмес, канаттууларды, суу жандыктарын кырып, дегеле көлдүн экосистемасы бузулууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматы 2023-жылдан бери торлордон жана таштандыдан арылтуунун үстүндө. Алсак, ушул жылдын башынан бери 36 000ден ашык синтетикалык тор, 1 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Көйгөйдүн масштабы канчалык чоң? Тазалоо иштери кандай жүрүп жатат жана кандай чаралар көрүлүшү керек? Ушул жана башка суроолорго жоопту аталган министрликтин суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламанов менен маек курдук.