Мекенибизде күндузгү саат 11. Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыныздар! Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Апрель окуяларынын катышуучулары Бакиевдерден компенсация алыштыИзраиль АКШнын аскердик жардамынан баш тартууну пландап жатат Жапаров жаңы "Ош" базардын курулушун көрдү. Алдыда кененирээк...Президент Садыр Жапаровго иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы "Ош" базарынын курулушун көрсөттү. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады. Билдирүүгө ылайык, имарат эки кабаттан жана жер алдындагы дагы бир кабаттан турат. Объектинин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Президенттик администрация азыркы "Ош" базары жаңы соода-базар комплекси толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөрүн белгиледи. Бошогон аймакта эс алуучу жай салынат. Мындан тышкары, жаңы "Ош" базары менен жаңы автобекет курулуп бүтүп, ал жакка эл көчүрүлгөн соң калкка ыңгайлуу маршруттук каттамдар ачылат. Курулуш иштерин августка чейин бүтүрүү пландалган.
2010-жылдагы Апрель окуяларынын катышуучулары Бакиевдерден компенсация алышты. Бул тууралуу соцтармактагы "Айкөл Таза Коом" деп аталган баракча видео жүктөп, билдирүү жазды. Авторлордун айтымында, Бакиевдер моралдык жана абийир алдында жоопкерчиликти моюнга алып, кун төлөп берели деген сунушун айтып келишкен. Уюмдагы аксакалдар кеңешип, жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алышкан. "Өткөн өттү, эми жашоону артка кайтара албайбыз, андан көрө жабыркагандарга жардам берели деп кеңештик. Бакиевдерге ишкана ачып бергиле дедик. Алар макул болуп тигүү цехин ачып беришти", — деп айтылат билдирүүдө. Видеодо Бакиевдер 400 жумуш орундуу тигүү фабрикасын, 320 кишилик жатакана жана 220 балага ылайыкталган бала бакча куруп бергендиги айтылат. Видеодон Садыр Жапаровду да көрүүгө болот, өлкө башчы бул объектиге жаңы "Ош" базарынын курулушун көргөндөн кийин барган. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Жапаров алардын суранычы менен планда жок жерден эле барганын билдирди. Эске салсак, 2 жыл мурун президент Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына бир гектардан ашык жер бөлүп бергенин билдирген.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы тармактар профилактикалык оңдоодон өткөн соң, 9-майдан тартып ысык суу бериле баштаганын билдирди. Биринчи кезекте социалдык объектилер— оорукана, мектеп жана бала бакчалар камсыздалат. Андан соң турак жайларды туташтыруу башталат. "Бишкек жылуулук тармагы" шаар тургундарынан крандарды текшерип, жаап коюуну эскертти. Ошондой эле тутум ишке киргизилгенден кийин жөнгө салуу жана жөндөө иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн экенин белгиледи. Бул мезгилде суунун температурасы менен басымында өзгөрүүлөр болушу ыктымал.
Израиль АКШнын аскердик жардамынан баш тартууну пландап жатат Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын аскердик жардамынан баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу ал CBS телеканалына маек куруп жатып айтты. "Аскердик кызматташтыгыбыздын каржылык бөлүгүн нөлгө түшүргүм келет. Жылына 3,8 миллиард доллар алабыз, эми калган аскердик жардамдан акырындык менен баш тартууга убакыт келди деп ойлойм", — деди премьер. Нетаньяхунун айтымында, бул дароо эмес, 10 жылдын ичинде этап-этабы менен ишке ашырылмакчы. Axios ноябрда Израиль АКШ менен коопсуздук боюнча жаңы 20 жылдык макулдашуу түзүүгө далалаттанып жатканын жазган. Анын алкагында Тель-Авив жыл сайын кеминде 4 миллиард долларлык аскердик жардам алып турмак. Браун университетинин алдындагы Costs of War Project долбоорунун октябрда жарыяланган докладына ылайык, АКШ эки жыл ичинде Израилге 21,7 миллиарддык аскерий жардам жөнөткөн.