Бишкекте "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" эл аралык транспорт форуму өтүп, инфраструктура, технологиялар, өнөктөштүк багыттары талкууланды. Кыргызстанда транспорт тармагы туруктуу өсүштү сактап, өлкө аймактык логистикалык хабга айланууга умтулууда. Жүргүнчү жана жүк ташуунун көлөмү көбөйүп, ири инфраструктуралык долбоорлор менен санариптик реформалар активдүү ишке ашырылууда. Ири долбоорлор, эл аралык байланыштар тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгынын начальниги Нурмат Мусабеков айтып берди.