Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, отурумда Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер талкууланды. Мындан тышкары, күтүлүүчү сел коркунучтарынын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана азайтуу маселелери каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүүлөрдүн негизинде күч жана каражаттарды даярдыкта кармоо, тиешелүү иш-чараларды ыкчам жана өз убагында аткарууну уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди. Болуп өткөн селдин кесепетинен облус боюнча жалпы чыгым 20 млн 800 миң сомду түздү. Жабыркаган турак үйлөр толугу менен селден тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктады. Убактылуу коопсуз аймактарга көчүрүлгөн тургундар өз үйлөрүнө кайтты. Турак жайы жашоого жараксыз абалга келген эки үй-бүлө убактылуу бош турак жайларга жайгаштырылды.
Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууну жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү өзгөртүүлөр бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, кабыл алынган чаралар программанын ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну көздөйт. МИК тарабынан курулган инженердик инфраструктура объекттери эми мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин балансына өткөрүлөт. Бул алардын өз убагында жана сапаттуу тейленишин камсыз кылат. Турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү үчүн жеке өнөктөштөр менен конкурстук жол-жоболорсуз эле МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен түз келишим түзүү механизми киргизилди. Бул кошумча инвестиция тартууга жана долбоорлорду тез ишке ашырууга мүмкүндүк берет. МИКтин карамагындагы турак эмес жайларды түз сатуу мүмкүнчүлүгү каралды. Түшкөн каражаттар турак жай фондун кеңейтүүгө жана курулуштарды каржылоого жумшалат. Сатуулар тууралуу маалыматтар ачык түрдө расмий сайтта жарыяланып турат. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү — томолой жетимдер (жашы жеткен учурдан тартып) «Социалдык ипотека» багыты боюнча программага катышуу укугуна ээ болушту. Мамлекеттик органдарга кызматтык турак жай фондун түзүү максатында программанын алкагында даяр үйлөрдү сатып алууга уруксат берилди.
Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектепке 200 орундуу жаңы окуу имаратын куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кошумча имаратта окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөт. Курулуш мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган. Мэр Жанарбек Акаев белгилегендей, учурда Ош шаарында жалпысынан 17 мектептин курулушу жүрүүдө. “Ош шаарында бир убакта 17 мектептин курулушунун жүрүп жатышы — бул чынында тарыхый