Бишкекти айланта көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынат

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектин чет жакаларында бийик имараттарды курууга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорунда каралган.

Ага ылайык, Көк-Жар, Орто-Сай, Чоң-Арык, Беш-Күнгөй, Баш-Кара-Суу, Шалта айылдарында жана Новопокровканын бир бөлүгүндө жеке турак үйлөр гана курулат.

Мындан сырткары, калаадагы Киев көчөсүн жөө баса турган көчө кылуу сунушталууда. Тилкенин узундугу — 3,3 чакырым (Бейшеналиева көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин). Бирок коомдук транспорт үчүн жол тилкеси калтырылат.
Магистраль, трамвай жолу. Башкы пландын алкагында Бишкекте эмнелер курулат?