БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы "Ош" базарынын курулушун көрсөттү. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, имарат эки кабаттан жана жер алдындагы дагы бир кабаттан турат. Объектинин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт.
Билдирүүгө ылайык, имарат эки кабаттан жана жер алдындагы дагы бир кабаттан турат. Объектинин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт.
Президенттик администрация азыркы "Ош" базары жаңы соода-базар комплекси толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөрүн белгиледи. Бошогон аймакта эс алуучу жай салынат. Мындан тышкары, жаңы "Ош" базары менен жаңы автобекет курулуп бүтүп, ал жакка эл көчүрүлгөн соң калкка ыңгайлуу маршруттук каттамдар ачылат. Курулуш иштерин августка чейин бүтүрүү пландалган.