БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Москвада өткөн Жеңиш парады Батыштын Россияны коркута албай турганын көрсөттү. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube-каналындагы эфирде айтканын РИА Новости жазды.
"Ал (Владимир Путин — ред.) америкалыктарды Украинага кысым көрсөтүүгө, ал эми украиналыктарды элдешүү эрежелерин сактоого мажбурлады", — деген эксперт.
Аналитиктин айтымында, Жеңиш майрамынын кандай өткөндүгү Россия чынында эле Украинадагы жаңжалдын аякташына жакындап калганын, ага ал өзүнүн шарттары менен бара жатканын көрсөттү. Меркурис бул нерсеге Батыш эч кандай таасир эте албай турганын белгилеген.
"Путин сөзүн "Биз сөзсүз жеңебиз" деп жыйынтыктады. Бул кеби жаңжалдагы аскердик жеңиштин жакындап калганын ырастайт", — деген ал.
Айта кетсек, ишембиде Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу парад өттү. Кызыл аянт аркылуу аскердик окуу жайлардын жана академиялардын курсанттары, атайын аскердик операциянын катышуучуларынан түзүлгөн параддык бөлүктөр жана Корея Элдик Демократиялык Республикасынын аскер кызматкерлери өтүштү. Параддын соңунда Су-25 чабуул коюучу алты учак асманды Россиянын желегинин түсүнө боеду.
Кийин Владимир Путин журналисттерге маалымат жыйын берип, Украинадагы абал боюнча суроолорго жооп берүүдө жаңжал соңуна чыгып баратканын билдирген.