БИШКЕК,10-май — Sputnik. Россия президенти маалымат жыйында Украина жаңжалы соңуна чыгып баратат деп эсептей турганын билдирди.
РФ президенти киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский жолугушууга даяр экенин буга чейин да бир нече жолу айтканын эске салды.
“Биз эч качан баш тарткан эмеспиз. Москвага келе берсин”, — деди Путин журналисттерге.
Ал ошондой эле үчүнчү өлкөдө да жолугушууга болорун, бирок буга узак мөөнөттүү жана тарыхый мааниге ээ акыркы келишимдерге жетишилген учурда гана жол берилерин кошумчалады.