Путин: 9-Май — комедиялык шоу эмес, биз үчүн ыйык күн

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 9-Май — комедиялык шоу эмес. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин маалымат жыйында билдирди.
"Биз үчүн бул ыйык күн. Ар бир үй-бүлө жапа чеккен", — деди ал Владимир Зеленскийнин парад жана элдешүү тууралуу билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып.
Путиндин айтымында, Киевдин коркутууларынан кийин Россия Коргоо министрлигинин эскертүүсү жана ТИМдин нотасы менен гана чектелбестен, негизги өнөктөштөр — Кытай, Индия жана АКШ менен иш жүргүзө баштаган.

“Эгерде Украина Жеңиш күнүн белгилөөгө тоскоол болсо, Россия Киевге жооп соккуларын жасамак. Коргоо министрлиги азырынча украин тараптан кандайдыр бир кутум тууралуу маалымат бере элек”, — деди РФ президенти журналисттерге.

Ал азыр иш ордуна кайтып, аскерлердин баяндамасын уга турганын да кошумчалады.

Мындан тышкары, Путин куралдуу күчтөр атайын операциянын алкагында душманды жеңүүгө көңүл бурушу керек болгондуктан, парадда аскердик техника көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.
Согуштан кийин СССР экономикасын кантип калыбына келтирген? Видео