Sputnik Кыргызстан агенттиги 2024-жылдагы Париж Олимпиадасынын коло байге ээси Жоламан Шаршенбековдун машыктыруучусу, грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Хаким Махмудовду кепке тартты. Ал ачык баарлашып, балалыгы, спорттогу алгачкы кадамдары, машыктыруучулуктун машакаты, шакирттери, кыргыз күрөшүнүн күнгөй-тескейи тууралуу айтып берди.
88 жаштагы машыктыруучунун айтымында, ал карапайым бүлөдөн чыгып, спортко болгон ышкысы бала кезинде эле ойгонгон. 1959-жылы ошол кездеги борборго, Фрунзеге келип, окуу жайга тапшыргандан кийин спорттогу карьерасы башталган. 30 жашында машыктыруучулукка өтүп, андан бери жүздөгөн баланы тарбиялаган.
"Шакирттеримдин ичинен дүйнөлүк аренага чыккандары Азиянын бир нече жолку чемпиону Жанарбек Кенжеевден башталды. Жоламан дүйнө чемпиону болуп, 2024-жылы Париж Олимпидасында коло байге утту. Алтынга даярданып бардык эле, улуттук кураманын машыктыруучулары ашыкча кыйнап коюп, 3-орунду алып калды", — деди ал.
Махмудов Жоламан алган жараатын дарылатып жүргөндө спортчунун стипендиясынын кыркылышы туура эмес болгонун айтты. Мамлекет мындай спортчуларды дайыма камкордукка алуусу зарыл экенин белгиледи.
Ошондой эле ал жакында дагы бир окуучусу Автандил Таалайбек уулу да Азия чемпиондугун жеңгенин кошумчалаган. Учурда төрт баланы машыктырып жатканын, Жоламан менен Автандилди дагы 5-6 жыл тарбияласам деген ниети бар экенин билдирди. Ошондой эле сергек жашоонун, шайдоот жүрүүнүн сырлары менен бөлүштү.
Тема боюнча: